Жыйынга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана дин ишмерлери катышты. 

Кеңешменин жүрүшүндө президент мыйзамды иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин белгилеп, диний ишмерлер жамаатташпай биримдикте иш жүргүзүүсү керектигине көңүл бурду. 

Жыйынтыгында сунуштар эске алынып, мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилмей болду.

Булак: Sputnik-Kyrgyzstan