Ош облустук ички иштер башкармалыгы Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулуна каршы дагы бир айып тагылганын билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, ушул жылдын 22-июлунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына журналистке каршы жеке ишкер арыз жазган. Ал Адыл Акжол уулу ишканасына байланыштуу тартылган видеону Ютуб каналынан өчүрүү үчүн көп суммадагы каражат талап кылып жатканын билдирген.
Бул факты боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү жана УКМК тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусу менен Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө Адыл Акжол уулунун ишкерге байланышттуу Ютуб каналына жүктөлгөн видео 76 миң жолу көрүлгөнү такталган. Журналисттин жакындары жана анын адвокаты бул иш тууралуу комментарий бере элек.
Булак: "Азаттык"