Кыргыз кино сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков “Президент жана бомж-1-2-3”, “Москва сүйүусү”, “Миллионердин сүйүүсү” тасмаларын Кыргызстандын чегинен тышкары Астана, Москва, Берлин, Париж шаарларында, Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын популярдуу актёрлорунун катышуусунда тарткан.
“Манас” үчилтигинин 2-бөлүмүнүн негизинде “Манастын уулу Семетей” көркөм фильмин тартып, эл аралык кино фестивалдардын сыйлыктарына ээ болду.
Акыркы мезгилде сценарист жана продюсер Өмүрзак Жолдош уулу “Манас” эпосунун негизинде Голливуд, Франция, Турция киночулары менен биргелешип көркөм фильм тартуу максатында чет өлкөлөрдө жүрөт.
Төлөбеков даректүү, публицистикалык тасмаларды да жаратып келет. Владимир Путин тууралуу китеп (2014-жыл ) чыгарып, Казакстандын ошол учурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин (2015), Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун (2021) саясий ишмерликтери тууралуу даректуу тасмаларды түшүргөн.
Төлөбеков жакында эл аралык теле компаниянын тапшырмасы менен 70 жылдык мааракесине карата Турция президенти Реджеп Тайып Эрдогандын саясий ишмерлиги тууралуу тасма жаратты. Анда бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери, өкүлдөрү, Америка, Кытай, Франция, Испания, Россия, БАЭ, Египет, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан коомдук ишмерлеринин, коомчулугунун Турция жана анын лидери тууралуу пикирлери орун алган.
Кино ишмер Төлөбеков “Дүйнөлүк лидер Эрдоган” даректуу жана “Манастын уулу Семетей” көркөм фильмдерин дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө презентацияламакчы.
Төмөндө “Так мураскери. Манастын уулу Семетей” фильмине айрым эл аралык кино адистердин жана коомчулуктун кыскача пикирлерин сунуштамакчыбыз.
Роджер ЯНГ, Америка кино режиссёру:
- “Манастын уулу Семетей” абдан таасирлүү, кызыктуу фильм болуптур. 10 чакты минутасын кыскартып, спец эффекттерди кошсо, эл аралык аудиторияга алып чыгууга татыктуу кино.
Ялчын ТОПЧУ, Турция президентинин башкы кеңешчиси:
- “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” түрк элдеринин гана эмес, дүйнөдөгү эң баалуу чыгарма. “Манастын уулу Семетей” фильминде көрсөтүлгөн душмандар менен Көзкамандар жалпы биздин элдерге таандык кастар. Алар менен адилеттик үчүн күрөш абалтан катуу жүргүзүлүп келген. Мындай тасмалар менен биздин элдер кеңири таанышышы керек.
Юрий КОЛОСОВ, Россия кинематографисттер союзунун эл аралык башкармалыгынын башчысы:
- “Так мураскери. Манастын уулу Семетей” фильмин Москва кино Үйүндө презентацияладык. Тасма бүгүнкү эл аралык кино талаптарына ылайык тартылганы кубандырды.
Александр ПАНКРАТОВ-ЧЁРНЫЙ:
- Кино тармагы кризисте турганда Кыргызстанда мындай тарыхый тасма жаралышы – эрдик. Байыркы заманды тасмага түшүрүш тозок жумуш. Ошол мезгилдин кийим-буюмдарын, куралдарын жасаш эмне деген оор түйшүк.
Седат САГЫРКАЙА, ТРТ–“Аваз” теле каналынын координатору:
- “Манастын уулу Семетей” фильмин Анкарада презентацияда көрдүк. Кыргызстанда ар кандай пикирлер жаңырганын угуп, бул тасманын душмандары – кыргыз элинин душмандары деген ойго келдик.
Эрик АТЛАН, Француз кино менеджери:
- “Так мураскери. Манастын уулу Семетей” фильми Европа кино прокатчыларын кызыктырды. Миланда, Нью-Йоркто эл аралык кино фестивалдарда сыйлыкка татыгандыгы тасмага эл аралык жогору баа. Эми фильмди Европа стандарттарына ылайыктап, кеңири аудиторияга чыгарууга аракеттер жасалып атат.
Медеткан ШЕРИМКУЛОВ, Кыргыз эл баатыры, Кыргызстан парламентинин экс-спикери:
- Мен көп жыл компартиянын идеологиялык катчысы болуп туруп кинолорду терең талдап жүргөм. “Манас” эпосунун экинчи бөлүмү боюнча тасма жаралгандыгы коомчулукта катуу чуу жаратты. Ар кандай пикирлер болду. Мен тасманы кунт коюп көрүп чыгып, кыргыздын баалуу фильми жаралыптыр деп айта алам.
Султан РАЕВ, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы:
- Төлөбеков тарткан “Манастын уулу Семетей” фильмин а дегенде Стамбулда, кийин бир топ оңдоолорунан кийин Анкарада көрүп чыктык. Бул – кыргыз эли, өзгөчө жаштар үчүн абдан керектүү, баалуу фильм. Китеп менен театрдан окчундап көпчүлүк киного тартылган учурда минтип элдик эпосту тасмага айландыруу чоң ийги жумуш.
Кайыргүл САРТПАЕВА, СССР, Кыргыз эл артисти:
- “Манастын уулу Семетей” кылкылдап көп киши катышкан, жер жайнаган боз үйлөр тигилген, окуясы курч, драматизми күчтүү тасма болуптур. Мен Кыргыз тасмаларынан мынчалык бийик деңгээлдеги фильм көргөн эмесмин.
Сабира САДЫКОВА, Кыргыз эл акыны, драматург Жалил Садыковдун жубайы:
- Ыраматылык Жалил “Манастын уулу Семетей” спектаклин чыгарганда достору да душманга айланышкан. Мындай чоң жаңылык жасалганда сынчылар, көрө албагандар, түшүнбөгөндөр көп чыгат. Манастын тышкы, ички душмандары да көп.