Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2024-жылдын 17-август күнү Каныш-Кыя айыл аймагынын Кызыл-Бел тилексинде Чаткал дарыясына автоунаа түшүп, 2 жаран дарыяга агып кетти деген кабар түшкөн. Жерине Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, майор А.Сулаймановдун жетекчилигинде куткаруучулар тартылган. Издөө иштеринин 13-күнү Беш-Арал коругунун Найза тилкесине бир жарандын жансыз денесинин баш сөөктөрү табылып, Чаткал РИИБдин кызматкерлери тарабынан өздүгү такталган. Маркум 1998-жылы туулган Р.А. аттуу Ноокат районунун тургуну экени аныкталып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: turmush.kg