- Бүгүнкү өлкө башындагылар, тагыраагы, президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөбүздүн тарыхында “кургандар, салгандар, жаңылагандар, кайтаргандар, оңдогондор, толтургандар” катары калат окшоп калды. Бул пафос сөздөр эмес.

Чыны менен бүгүнкүдөй курулуш иштери буга дейре болгон эмес. Ушундай көрүнүштөргө кыргыз эли кечээ эле зар болчу. Бүгүн өлкөнүн бардык аймагында эл үчүн кызмат кылчу социалдык обьектилер, жолдор биринен сала бири салынууда. Бир курулуш бүтсө, башкасы башталып, иши кылып курулуш иштери жогорку темпте жүрүп жатат. Кубандырганы, башталган курулуш иштеринин баары “долгостройго” айланбай, аягына чыгарылып, пайдаланууга берилүүдө. Мындайда “болсун, кут кылсын” деген гана сөздөрдү айткың келет.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жалал-Абадда жаңыдан курулуш иштерин баштап, бүткөндөрүн пайдаланууга берди. Жалал-Абад областындагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн жана шаардык мэриясынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салып, шаардын ичиндеги жаңы асфальт төшөлгөн жолдорду ачты. Жолдор кеңейтилип, жөө адамдар үчүн жолдор пайда болду.

К.Ташиев эл менен жолугушканда быйыл Жалал-Абадда 1500 үй-бүлөгө ипотекалык үйлөр тапшырыларын, келерки жылы жалпы 10 миң үй-бүлө турак-жайлуу болорун белгиледи. Бул курулуштардын баары мамбюджеттен каржыланып жаткандыгын айтты.

Албетте, каражат болбосо, бүгүнкүдөй курулуштар жүрмөк эмес. Демек, өлкө бюджетинде акча бар. Болсун!

Мирлан Дүйшөнбаев