Аземге жергиликтүү тургундар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.
Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, айыл элине өлкөдө жасалып жаткан негизги саясий жана экономикалык багыттар, жыйынтыктар тууралуу кыскача маалымат берди.
Айыл эли ыраазычылык билдирип, өлкө жетекчиси Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерди колдоого алышаарын жана ушул багытта аракеттерди улантуу зарыл экенин билдиришти.
Аталган айылда 3 миңге жакын адам жашайт. Жаңыдан асфальт төшөлгөн жолдун узундугу 3 чакырымдан ашык аралыкты түзөт. Учурда негизги жолго асфальт басылып бүттү жана троутарларды, суу арыктарын куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Бул жолго асфальт төшөө иши Камчыбек Ташиевдин жеке өзү жана үй-бүлөсү тарабынан каржыланды.
Ачылыш аземинин соң, Камчыбек Ташиевдин ата-энеси жана тай ата, тай энесине, жалпы козү өткөндөргө арналып Куран окутулду.