Маалым болгондой, акыйкатчыга кыздын жактоочусу Жахангир Сайфуллаев кайрылып, кызды сексуалдык кулчулукта кармап жүргөндөр аны уруп-сабап, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, башка бирөөгө айтса өлтүрүп коебуз деп коркутуп, кармап келишкен. Бул жасагандарынын баарын видеого тартып, интернетке таратышкан.
Муну менен тим болбостон жаш кызды бир ай бою интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Өздөрү өспүрүмдүн кызматы үчүн кардарларынан акча алып турушкан.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өспүрүмдү кордогон кишилер эркиндикте экенин айтып, укук коргоо органдарын чара көрүүгө чакырды.
Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жардам көрсөтүп жатканы айтылды.
Sputnik_Kyrgyzstan