Команданын маалыматына ылайык, Telegram Евробиримдиктин бардык мыйзамын, анын ичинде санариптик кызматтар боюнча мыйзамды да сактайт. Модерация тармактык стандарттарга ылайык келет жана дайыма өркүндөтүлүп турат.

"Платформа же анын ээси аны кыянаттык менен пайдаланганы үчүн жооптуу деп айтуу акылга сыйгыс. Дуровдун жашыра турган эч нерсеси жок, ал Европаны көп кыдырат", — деген командасы. 

Франциянын ЖМКлары Дуровду камоо мөөнөтү 96 саатка узартылганын жазышты. 

Эске салсак, Telegram негиздөөчүсү Павел Дуров Парижден кармалган. ЖМКлар ишкерге террорчулук, баңгизатын сатуу, алдамчылык жана мыйзамсыз каражатты адалдоо боюнча айып тагылышы мүмкүн экенин жазышууда. 

Булак: Sputnik Кyrgyzstan