Күн мурун Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Белгилей кетсек, кечээ саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темир айылдарын жана "Ысык-Көл Аврора" эс алуу жайын сел суулары каптаган. Учурда жеринде сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырга байланыштуу Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

Булак: "КАБАР" КУМА