Россиянын Нижневартовск шаарында Кыргызстандын жараны Аман Батырбеков 3 жаштагы баланы өлүмдөн куткарып калган.

Окуяга күбө болгон адамдардын айтымында, алар баланы оюнчуктарды ылдый карап ыргытып жаткан маалда байкап калышкан. Балакай 8-кабаттан кулап кетүү коркунучунда болчу. Бирок, бул убакта окуя болгон жерде жүргөн Аман Батырбеков аркан менен 9-кабаттан түшүп, баланы аман алып калган.

Көрсө, апасы баласын керебетка байлап коюп, өзү көчөгө чыгып кеткен. Ал андан бошонуп, терезеге чыгууга үлгүргөн.

Жергиликтүү тургундар, укук коргоо органдары Аманга ыраазчылык билдиришти. Ал эми баласын жалгыз коркунучта калтырган апасына айып протоколу толтурулду.