Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн Айсулуу Тыныбекова жарым финалга жолдомо алды.
Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки салмак категориясында АКШдан келген балбан Кайл Миракл менен беттешип, аны артта калтырды.
1/8 финалда Айсулуу Тыныбекова нигериялык спортчу Эстер Колаволе менен күрөшүп, 4:1эсебинде утушка ээ болгон.
Кыргыз балбаны жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен күрөшөт.
Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.