УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна беттешке чыгуу алдында телефон чалды. 

Ал кыргыз спортчусуна кайышпаган кайрат каалап, анын беттеши жана жеңиши кыргыз эли үчүн экенин белгиледи. 

"Мунарбек, уулум, чоң мелдештин алдында турасың. Сен ущуга чейин өзүң, жакындарың үчүн мелдешип келсең, бүгүнкү мелдешиң бүт кыргыздын намысы. Бүтүндөй кыргыздын намысы азыр сенин колуңда турат. Ушуну эсиңден чыгарба! Ушундай болбой баратканда тиштенип, ачууңду келтирип туруп кыргызча согушуң керек. Биз сага ишенебиз! Сен биздин баатырыбызсың!" - деди Камчыбек Ташиев.