Кыргызстандын Франциядагы Элчиси Садык Шер-Нияз Олимпиада оюндарынын катышуучуларынын ар бирине 1000 евродон берүүнү убадалады. Мындай билдирүүнү элчи соцтармактарда өзүнүн дарегине айтылган сын-пикирден улам калтырды. 

Белгилей кетсек, Олимпиадага катышкан кыргыз спортчулары ролтон жеп отурушкандагы видео соцтармакка жарыяланган. Коомчулук Кыргызстанга сыймык алып келип жаткан спортчуларга шарт жакшы түзүлбөгөндүгү үчүн алардан кабар албаган элчини кошо айыпташты. 

"Биз менен жарышып пост жазып отурбай, спортчулардан кабар алып койсоңуз болмок", "Бул блогер элчи болду" ж.б. терс пикирлер айтылды. 

Жооп иретинде:

"Урматтуу Кыргызстандын намысын коргоп келген спортсмендер!

Силер биздин сыймыгыбызсыздар!

Мүмкүн уюштуруу ишинде мүчүлүштүктөр болуп жатса биз ошол кемчиликтерди жоюууга милдеттүүбүз!

Силердин ар бириңерди чакырып үйдөн күнүгө үч маал тамак берүүгө кандай куштар экенимди билсеңер… Айла жок, олимпиаданын шарты катуу экен, ал ишти аткара албай жатамын.

Азыр уюштуруучулар атайын өзгөчө тамак аш менен силерди камсыздап жатканын да билем. Бирок эски видеону (чемпионат Азиядан) көрүп андан чуу чыгарган патриот жарандарыбызды токтоо болуп, бөлүнүп жарылбоого чакырам.

Элчиликтин атынан, жеке үй-бүлөмдүн атынан азыр Парижде жүргөн ар бириңерге 1000 евро “Парижден атайын белек”деп арнап олтурам.

Эртеңден баштап ар кимиңер федерация башчыларыңар аркылуу силерге түздөн-түз берилет.

Эч нерседен кам санабагыла, силердин артыңарда ата-журтуңар Кыргызстан жана да силерди колдоп-сүрөп келген жүздөгөн патриот уул кыздарды көрүп жатам.

Силер тарых жасап жатасыңар, ошол жолуңар шыр болуп, бизди күндө кубантып, даңктуу жолуңарды улай бергиле!" - деп жазды Садык Шер-Нияз.