United World Wrestling  - Бириккен күрөш дүйнөсү Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргыз спортчусу Жоламан Шаршенбековдун бир күнүн көрсөттү.

"Мен өзүмдүн келечегим үчүн күрөшүп жатам. Бала чагымдан берки максатым Олимпиада оюндарынын көп жолку чемпиону, дүйнө жана Азия чемпиону болуу болчу. Бул максаттарга мен али жете элекмин. Ага жеткиче күрөшүүнү, аракеттенүүнү уланта берем.

Ар бир жолку даярданууда мен тажрыйба топтойм жана жаңы нерселерге үйрөнөм. 2018-жылы дүйнө чемпионатында 18 жашта болчумун, экинчи орунду алгам. Мен ошондогу кубанычты эч убакта унутпайм, жашоомдогу эң кубанычтуу учурлардын бири. Андан кийин мен финалга чыктым, бирок көп жолу экинчи орунду алып жаттым, бир гана дүйнө чемпионаттыгында эмес, Азия чемпионаттыгында да. Машыктыруучум экинчи жолу пайдалуу, анткени ал спортчуну чемпион болууга умтулуп, дагы да такшалып, аракеттенип, эмгектенүүгө мажбурлайт деген болчу", - деген спортчу. 

Ошондой эле ал чемпион болууга чейинки жолдордо кездешкен кыйынчылыктарды айтып, аларды жеңүүдө бир гана спортчу эмес, машыктыруучунун дагы орду чоң экенин белгилеген. 

Андан сырткары Шаршенбеков Олимпиада оюндарынын кийин салмак категориясын 67 кг.га өзгөртүүнү пландап жатканын билдирген. 

"Азыр 60 кг салмак категориясында күрөшөм. Келечекте 67 кг салмак категориясындагы күчтүү спортчулар менен күч сынашкым келет. Мага күчтүү атаандаштар менен беттешкен жагат", - деген ал. 

Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков бүгүн коло медаль үчүн күрөшөт.