4-августта Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун имаратында жайгашкан «Сьюзи Вонг» түнкү клубунда 4 даана гашиш баңги заты табылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча аталган баңги каражаты оюн-зоок мекемесине келгендерге таандык.
Түнкү клуб УКМКнын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө текшерилди.
Мындан тышкары түнкү клубдун ээлери тарабынан салык мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталып, бул тууралуу тиешелүү акт түзүлдү.
Учурда КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагындагы оюн-зоок жайларында эс алып жаткан жаштар арасында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.