Ишкер Чынара Мамажакыпова Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоду:
"Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Соттордун ушул чечимдерине өзүңүз баа бересиз деп үмүттөнөм.
Алдамчылардын мафиясы менен 2021 - жылдан бери "мышык -чычкан" болуп бүттүк. Саидбурханова Идаят, Керимбеков Шертбек деген аял күйөөсү жана башка мафиясы менен биргеликте ири суммадагы акчага алдап кетишкен. Мен арыз жазып аферисттер камалат, бирок акча менен кайра абактан бошонуп кетишет. Бул бир эмес бир нече жолу кайталанды. Же соттор жыргатпады же аферисттер бир жолу камалып жаны тынбады. Айтор тергөөдөн баштап, Свердлов райондук соту, шаардык сот, Жогорку сот, кайра райондук сот болуп отуруп сериал болуп кетти. Анын башкы себеби - мыйзамга эмес акчага таянып чечим чыгарган соттор.
Бир эле мисал айтайын, эки истанцияны жеңип келип, акчабызды райондук жана шаардык сот арестке койгон, өндүрүлүп берилсин деген чечим чыккан. Бирок акчаны өндүрүп ала турган убакыт келгенде, Жогорку сот алдамчыларды коргоп, кайра районго жиберип салышты.
Бул Жогорку соттун 3 судясы Мусаев, Атаназаров, Жоомартовдор. Алар мындай чыгарган чечими үчүн жооп бериши керек деп ойлойм.
Азыр Свердлов районунда судя Тургунбекова Гаухардын кароосунда өтө турган процесс 8- августка коюлган, алдамчылардын айтымында акталып , акчаны да бизге бербей, сотторго берип чыгып кетишет экен.
Биз кайсы өлкөдө жашап жатабыз?
Алдамчылар менен каракчыларды соттор качанга чейин акча үчүн коргоп жүрүшөт?
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич! Сиз таза эмес сотторго карата күрөш жүрөт деп жакында айттыңыз. Сиздин бул сөзүңүзгө таянып, өзүңүз гана көзөмөлгө албасаңыз, биздин өлкөдө адилеттүүлүк жок болуп кеткендей.
Соттор тыгыз көзөмөлгө алынбаса, сот системасын базарга айланып, Кудайдан да коркпой калышыптыр.
Сизден гана үмүтүбүз чоң!
Кайдыгер карабайсыз деген ишеничибиз бар!"
P.S. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев: "Соттор туура эмес чечим чыгарса айтыңыздар. Биз ошолорду толук тартипке салууга милдеттүүбүз", - деген. Ал билдирүүсүн төмөнкү видеодон көрүүгө болот.