Россиянын Ленинград облусунда кыргызстандык жаран жол кырсыгына кабылып каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Анда айтылгандай, ушул жылдын 2-августунда саат 21:00дө Бугра шаарында жол кырсыгы катталып, "Субару Форестер" унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, белгиленген жерден жолду өтүп бара жаткан Кыргызстандын эки жаранын сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен С.А. аттуу жаран каза болуп, экинчи жабыркаган З.Б. райондук ооруканалардын бирине жеткирилген, анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Аталган жол кырсыгы боюнча Всеволожный райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду.

Учурда Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары менен байланышта болуп, аларга керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө.