Кыргыз футбол биримдиги өлкөнүн улуттук курама командасы үчүн гимнге ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган биримдиктен кабарлашты. 

Анда айтылгандай, ыр жандуу жарандарда кыргыз футбол тарыхынын бир бөлүгүнө айлануу мүмкүнчүлүгү турат. Ал үчүн курама команданын жаңы гимнин жазып, сынакка катышуу керек жана  жеңүүчү автор кыргыз футболчуларынын келечектеги жетишкендиктерине жана жеңиштерине салым кошкон болот.

Курама команданын гимни ири футболдук иш чараларда жаңырат. 

Белгилей кетсек, кыргыз улуттук футбол курама командасы 2026-жылда өтүүчү дүйнө чемпионатына даярдык көрүшүүдө. 

Сынакка катышууну каалагандар чыгармаларын Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасына жөнөтө алышат. Бардык суроолорго 0558555537 телефон номери аркылуу жооп алууга болот.