Парижде өтүп жаткан Олимпиадада Кыргызстандан барган мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 3-августта Америкадан келген мушкер менен күч сынашты.
Ал 57 кг салмакка чейинки категорияда таймашка чыкты.
Биринчи күч сынашууда кыргыз спортчусу Кубадан келген спортчуну жеңген, ал эми 3-августта америкалык мушкер, 2021-жылдын дүйнө чемпиону Жамал Харвини артка калтырды.
Мындан улам Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты. Эми ал Болгариядан келген мушкер менен 8-августта беттешет. Бирок бул таймашта утулуп калган учурда дагы Олимпиада оюндарынын медалы кыргыз спортчусунун энчисине тиет.
Бул Олимпиадада кыргыз мушкери жарым финалга чыккан биринчи учур.