Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсү дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 6,5 га жер участоктору мамлекеттин кирешесине айландырылды. Бул УКМК тарабынан коррупциялык багыттагы кылмыштарды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана адалдоо фактысы боюнча кылмыш ишинин негизинде ишке ашырылды.
Маалыматка караганда кайтарылган жер тилкелер төмөнкүлөр: «Мата» ААКнын 4,5 га жана «Хлопковая корпорация Лиматекс» ЖЧКсынын 2 гектар жер тилкелери.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул жер тилкелеринин жалпы сметалык баасы 250 миллион сомдон ашуун.
Учурда башка мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин аныктоо жана кайтаруу иштери жүрүп жатат.