УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолунда болуп, абалды өз көзү менен көрүп, курулуш иштери менен таанышты жана тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.
"Октябрь айынын аягына чейин ушул маселе бүтүшү керек. Аталган убакытта Ноокатта маселе жок болуп чыгып кетишиңер керек. Кире бериштеги жол - бир катмар, чыга беришке - бир катмар, ортосундагы 6 чакырым аймак төрт чийиндүү болуп жасалышы шарт. Ал эми үч көпүрө толугу менен бүткөрүлүшү кажет", - деген Камчыбек Ташиев.
Учурда УКМК төрагасы айткан аймактарда иш кызуу жүрүп жатат. Биринчи көпүрөнүн узундугу 62 метр, туурасы 14 метр. Анын 1,5 метринде түркүк коюу каралган. Бүгүнкү күндө курулуштун 35 пайызы бүткөнүн белгилүү болду.
Эл аралык маанидеги экинчи көпүрө Апшыр-Сай участкасында курулууда. Анын ущундугу 41 метр, туурасы 14 метр. Жөө жүргүнчүлөр үчүн тилке каралган жана жол эки тилкелүү болот. Бийиктиги алдыңкы тарабы 7,85 метрт болсо, арткы тарабы 7,25 метрге жетет. Учурда курулуш иштеринин бүткөрүлгөн бөлүгү 30 пайызды түздү.