Россиялык нутрициолог Анна Дробышева кунжут майын тиштин жана ооз көңдөйүнүн абалын жакшыртуу үчүн кантип колдонуу керектигин маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде белгилеген.
- Ооз көңдөйүндө көп сандагы токсиндер топтолот. Оозду бактерияга каршы кунжут майы менен чайкоо зыяндуу микрофлораны жок кылууга жана токсиндерди нейтралдаштырууга жардам берет. Бул үчүн бир аш кашык кунжут майын оозго уурттап, эки-үч мүнөт чайкап, андан кийин майды түкүрүү керек.
Бул процедуранын аркасында сиз тишиңиздин абалын жакшыртып, демиңизди сергитесиз жана иммунитетти көтөрө аласыз.