Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын отуруму башталды.
Коллегиянын күн тартибине нотариустардын иши, жөлөкпулдун даректүүлүгү, Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорлорунун каралышы, маданият үйлөрү менен китепканалардын иштери жана мамлекеттик кызматкерлердин аткарган кызматынын жыйынтыктары сыяктуу бир катар маселелер киргизилген.
Ошондой эле МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров акыркы жылдары мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу баяндама жасайт.
Белгилей кетсек, коллегиянын жыйынтыгы менен каралган маселелер боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат.
Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, министрлер, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана шаарлардын мэрлери катышууда.