2024-жылдын 25 – июлда КРнын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын эсепчиси М.Н.С. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал 40 миң сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн алуу учурунда колго түшкөн. Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Көрсөтүлгөн акча каражаттары жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң корутунду чыгаруу максатында кийин КР Эсептөө палатасынын кызматкерине өткөрүп берүүгө арналгангандыгы аныкталды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.