Бүгүн Ош шаарындагы сел каптаган базардын айрым соодагерлери митингге чыгышты. Алардын талабы - базарды коопсуз жайга көчүрүүнү токтотуу жана сел келтирген зыяндын ордун мамлекет толтуруп берүү. 

Буга байланыштуу Эмил Алимов аттуу жаран митингге чыккан соодагерлерге кайрылып, бул окуя боюнча өзүнүн жарандык көз карашын билдирди. 

"Мен бүгүн Ош шаарында болгон митингди көрүп таң калдым...

Урматтуу соодагерлер! 

Көпчүлүгүңөр аялдар экенсиңер, урматтуу апалар! 

Түшүнөбүз, зыян тарттыңар, бирок Алладан келген апаатты бирөөгө док артпагыла, бул уят нерсе! Мамлекет салык төлөмдөрүнүн жолун башкача кылганда бечара болуп чыктыңар эле. Эми канча зыян тарттыңар десе миллиондорду айтып жатасыңар. Ошону өкмөттөн өндүрөйүн деп атасыңар. Негизи, өкмөт ордуна коюп бергенге милдеттүү болбосо керек. Себеби селди Садыр Жапаров же Камчыбек Ташиев же Акылбек Жапаров же болбосо Оштун губернатору же мэри каптатып жиберген жок да. Табият кырсыгы бул. Зыян тарттык деп кыйкырып жатасыздар, бирок үйүн суу агызып кеткен канча жарандар бар, эмнеге алар ызылдабай жатат. Сел агызып каза тапкан жарандарыбыз да бар... 

Алладан келген апаат бул, пейилибизди оңдошубуз керек. Силердин алдыңарга майка бекер сурап бир бечара барса, бересиңерби? Он-жыйырма сом түшүп беришиңер мүмкүн, бекер эмес, бирок анда да пайдасы болсо түшөсүңөр. Бул ачуу чындык. 

Эмнеге жакында Камчыбек Ташиев Ошко барганда митинг кылбадыңар, анда баарына макул деп коюп, бүгүн башкача ызы-чуу менен чыктыңар? Демек, артыңарда бирөө бар. Кайсы бир амалга, кайсы бир жеңишке жетпей калган бирөөлөр силерди күүлөп жатат. Анткени бүгүн бир досум базарга кийим алганы барса, эки-үч аял соодагерлерди "товарыңарды жайбагыла, митингге чыгабыз", - деп үгүттөп жүргөнүн көрүптүр. 

Жакын досум бар катташып жүргөн, ал селде Матиз автоунаасынан кол жууду. "Эмне кыласың эми, өкмөткө арыз жазасыңбы?" - десем, "Матизди өкмөт келип сууга агызып жиберген жок да, бул Кудайдын кырсыгы, өзүм аракет кылам", - деп жооп берди. 

Ошол селде өзүңөр сууга агып кетсеңер эмне болмок эле? Байлыгыбыз бир тыйын болмок да. 

Эми салыкка келгенде бечара болуп, зыянды төлөтүүгө келгенде миллиондорду айтуудан кармангыла. Ниетибизди, пейилибизди оңдойлу", - деген Эмил Алимов.