Мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү жана 337-беренесинин 2-бөлүгү (пара талап кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош облусунун Араван жана Алай райондорунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин Б.Г.Ш. жана И.Л.Ж аттуу нотариустары системалуу негизде мыйзамсыз жеке баюу максатын көздөп, нотариалдык аракеттердин процессин жасалма татаалдатуу жолу менен, өздөрүнүн укукка каршы аракеттери менен кайрылган жарандар үчүн кыйын абалды жаратып, нотариалдык документтерди тариздөөдө акча каражаттарын талап кылышкандыгы аныкталды. 

Мындан улам, 2024-жылдын 10-майында жана 17-июлунда козголгон кылмыш иштеринин алкагында жогорудагы кызматкерлер кайрылган адамдардан акча каражатын өндүрүү учурунда кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.