КР УКМК тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке алынган жер тилкелерин мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы 1,43 гектар жер кайтарылды.

Маалым болгондой, 2000-жылдын башында КР жараны О.Э. Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин мүмкүнчүлүктөрү аркылуу "Авто-техсервис" ишканасынын 1,43 га аянттагы жер тилкесин жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында жайгашкан административдик имараты бар жерлерин айрым документтерди жасалмалоо жолу аркылуу жеке менчикке алган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгында О.Э. аттуу жаран тарабынан документтерди бурмалоо фактысы аныкталып, базар баасы боюнча 7 млн, 830 миң сомду түзгөн, «Авто-Техсервис» ишканасынын 1,43 га жер тилкеси жана административдик имараты бар жерлери, ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына  кайтарылып берилди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.