КР УКМК тарабынан Россия Федералдык коопсуздук кызматы менен биргеликте К.Б.К., И.А.Б. жана К.у.У. аттуу эл аралык террордук уюмдун  жактоочулары кармалып, Кыргыз Республикасына алынып келинди.

Аталган жарандар жаштарды өз катарына тартуу максатында  социалдык тармактарда террористтик идеологияны жайылтып жүргөн радикалдык топтун мүчөлөрү экендиги аныкталды. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, таркатылып жаткан фото жана видеоматериалдарда "Халифат" “террористтик аракеттерге ачык чакыруу”, “улуттук, расалык, этностук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуу” жана “конституциялык түзүлүштү бузуу менен конституциялык түзүлүштү кулатуу” белгилери камтылган.

Аталган топтун лидерлеринин бири К.Б.К. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.