2024-жылдын 17-июлунда мыйзамсыз аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын «Сай» участкасында 1995-жылы туулган КР жараны, Чүй облусунун жашоочусу А.А.Т. башкарып бара жаткан «Volkswagen LT46» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.  

Аталган автотранспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерүүнүн жүрүшүндө чектеш тарапта өндүрүлгөн 100 түрмөк (ар бири 200 метрден, болжолдуу суммасы жалпы 800 миң сомду түзгөн) электр кабели табылган.

Аталган факты Баткен облусунун Лейлек РИИБнин автоматташтырылган маалымат системасынын маалымат журналына каттоого алынды.  Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.