КР УКМК мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын турмуштун ар кайсыл чөйрөлөрүндө камсыз кылуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүп келет.

Алсак, колдо болгон материалдардын алкагында Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, №50 инвестициялык номерлүү 196 гектар аянттагы өнөр жай жерлерин (карьерлерди) мамлекеттин балансына кайтаруу иштери жүргүзүлүүдө. Тийиштүү баалоонун жыйынтыгы боюнча аталган кендин базар баасы 1 млрд.782 млн. 656 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган кен алтын рудасын аныктоо максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн «Боорду» ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз иштетилген. Тактап айтканда, жерди бөлүп берүү жол-жобосу жүргүзүлгөн эмес жана тиешелүү уруксат берүүчү документтер таризделген эмес.

Учурда аталган кенди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.