УКМК тарабынан эл аралык террордук уюмдун идеологиясын активдүү жайылткан, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдарды тараткан А.П.И. аттуу КР жараны кармалды.

Таркатылып жаткан фото-видео материалдарда "Эл алдында террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакыруу", “Халифатты орнотуу аркылуу  конституциялык түзүлүштү кулатуу" белгилери камтылган.  

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында А.П.И. Кылмыш- процессуалдык Кодексинин  97-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө  абагына  киргизилди.  

Учурда КР УКМК тарабынан зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.