Мады айылы… Асмандан майда тамчылар себелей баштады. Бул мага жакшылыктай, берекедей сезилди. Бут кийимдерибизди суу болбосун деп отурган чарпаябыздын алдына жашырдык. Ошол убакта сый дасторконго жездем менен эжем келип кошулду.

***

Жамгыр күчөй түшкөнсүдү. Азан үнү угулгандыктан жездем, Илияз иним жана мен намазканага бет алдык. Ибадатта экенибизде там башына тамчылардын тийгенинен чыккан дыбыр-дыбыр үн улам бийиктеп баратты. Нөшөр сабалап кирди. Кудайга кулчулук милдетибизди аткарган соң кайра чарпаяга кайта албай туруп калдык. Анткени, жамгыр челектеп куюп жаткан. Өтүп кетер дедик. Өтпөдү. Басаңдаар дедик. Күчөндү. Акырын намазкананын терезесин ачып, нөшөргө катуу шамал кошул-ташыл болгонун көрдүм. Басылышынан шек-шыбырт жок. Эшикти ачтым. Салаа-салаа болуп суулар ага баштаптыр. Жүрөк дүрт этти. Бул - болор селдин кабары эле.

***

Кайрадан терезени ачып, сайга назар салдым. Агып жаткан бир арык суу күпүлдөгөн киргилт дайрага айланып калган экен. Ошондо эшикке чыгып, жакындарым отурган чарпаяны көздөй жүгүрдүм. Отуз кадамдай аралыктан өткөнчө көлгө бир чумкуп чыккандай суу болдум. Биздикилер бири-бирине жөлөнүп, жылынып отурушкан экен. Аларга сыр бербей сай тарапты улам карайм. Дайра көз алдымда көбөйүп баратты. Жайылган дасторконго кайыл болуп, унааны көздөй жөнөөгө убакыт келгенин түшүндүм. Ошенттик. Унаага отурган кезде баарыбыз суудан чыккан суусардай акыбалда элек.

***

Ош шаарын көздөй бет алдык. Алайга кетчү кан жолдун жогорку четинде ылай суу агып, улам арбып баратты. Соода-сатык кылгандар дүкөндөрүнө далдоолоп, көрөн-жерендерин аралай аккан ал сууга тунжурап көз салгандан башка айласы жогун түшүнүп мелтейишет. Жолду тосо дарактар жыгылыптыр. Унаа тыгыны башталды. Анткени, жүз кадамдай алды жакта жолду кесе шарылдаган дайра агууда. Да бир тосмону бузуп, нугунан чыккан экен. Туш келген унааны калпактай агызчудай үрөйдү учурат. Тегерек кымгуут, баш көргөндү көз көрбөйт. Алда не болот дегенсип элеңдеп-алаңдагандар, муңая ойго баткандар, жанын сактамак үчүн далбастагандар… Демейде, көкүрөк-көөдөнүн көтөрүп, дердеңдеп, менсинген адамзатынын канчалык алсыз, канчалык бечара экенин ошондо дагы бир жолу аңдадым. Баарыбыз эле аңдап жатсак керек. Канча убакыт ушуну эсибизден чыгарбайт болдук экен?

***

Алдыга кеткен Илияз Ошко кетчү кан жол жабылганын кабарлап телефон чалды. Мадыны аралап, башка ийри-муйру жолго салдык. Ал жолдо биз сыяктуу алаамат селден кутулууну издегендер көп экен. Арасында акырын жүрүп отуруп Ошко жеттик. Ордолуу калаада Мадыдагыдан да апааттуу суу каптоо жүргөнүн ошондо билдик. “Адамдар аман болгой эле” деген кооптонуу көөдөндү булкту. Аттиң, андай эмес экен. Жан чыгымы болуптур. Сууга агып, дайыны табылбай жаткандар бар экен. Кантип кайгырбайсың?

***

Эмнеге кийинки мезгилде сел көбөйдү, кырсыктар тез-тез жүз берчү болду? Эмнеге? Ушул суроо ой ордосун ээледи. Ооба, экология бузулду. Биз, адамдар, бир жагынан мыкаачылык, бир жагынан кайдыгерлик кылып табияттын тамтыгын чыгардык. Туш тарапты таштандыга толтурдук. Токойлорду чач кыргандай тасырайттык. Жан-жаныбарларды ар жактан тосуп, асты-үстүнөн аткыладык. Абаны түтүнгө чулганттык. Сууларды булгадык. Мөңгүлөрдү талкаладык. Булактарды соолуттук. Бабалар бапестеген жаратылыш койнун күнөө-күлпөттөргө шыкадык. Деги койчу, эмнелерди гана кылбадык. Анан кантип табигаттан жакшылык күтөбүз?

***

Экологиядан да олуттуураак себеп - пейил-ниетибизде, амал-аракетибизде, кылык-жоруктарыбыздабы дейм. Өзгөлөрдү оңдош менен алектенип, өзүбүздү унуттук. Ааламдын жакшырышын күтүп, акылыбызды май, рухубузду чаң басканын эрен-төрөн албай калдык. Ичибиздеги акыбал ошол болсо, сырттан кандай кайырга арзымак элек? Алла Таала адамга зулумдук кылбайт. Болгону өзүбүзгө жараша акыбал берет.

***

Биз алсызбыз, күнөөкөрбүз. Көздү, кулакты, тилди, колду, бутту, ойду бир мүнөттөн суракка тартканда эле амалдарыбыздын ашмалтайы калпып чыгат. Жок дегенде ошону моюндагайбыз. Анан эрдигибиз болсо Жараткандан жалбарып кечирим сураарбыз. Тообобузга жанып, кийинки кадамдарыбызды ойлонуп таштаарбыз. Күн сайын байыштын, жыргаштын эмес, адам болуштун камын жээрбиз.

Алла Таалам, бизди кечир… Өзүңдөн башка кайрыларыбыз, суранарыбыз, баш калкаларыбыз жогун түшүндүк, билдик. Азабыңдан, кордугуңдан сакта. Мээримиңе бөлө. Жамалыбызды жаркырат, кадамыбызды түздө, амалыбызды көрктөнт.

Жамгыр-карыңды, шапата-шамалыңды, булут-туманыңды, дегеле ар бир нерсеңди, макулугуңду зыяныбызга эмес, пайдабызга ырооло…

14-июль, 2024-жыл, Нуржигит Кадырбеков