УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 12-июлда Сузак районунун Барпы айылынын тургундары менен жолугушууда дагы деле өлкөгө кайрадан бүлүк салып, бийликти күч менен тартып алуу үмүтүнөн кол үзө элек адамдар бардыгын айтты. 

"Мамлекетибиз өнүгүүгө кадам таштаган чакта дагы баягы эле бузукулар мамлекетке дагы бир жолу ызы-чуу салып, бийликти тартып алсак экен деп үмүттөнүн жатышат. Эч ким тартып ала албайт. Кудай турат. Андан кабатыр болбоңуздар. Кудай кааласа, биз элге иштеп атабызбы, биз элдин кызматын кылып жатабызбы, бийликти тартып алабыз дегендердин баарынын мыйзам чегинде жазасын беребиз. Кечээ жакында эле 31-августта элге бүлүк салабыз деп даярдык көрүп, бронжилет, аскер кийимдерин, жардыруучу заттарды, дрондордон бери сатып алып даярдык көргөндөр кармалды. Мындан ары да ушундай болот. Жер жерлерде укук коргоо органдары азыр күчтүү. Милиция мурдагыдай жөрмөлөп калган жок, бутуна туруп калды. Прокуратура так иштеп жатат. Соттор эгерде туура эмес чечим чыгарышса, айтыңыздар. Толук тартипке салганга милдеттүүбүз. Кудай ден соолук берип турса, силер үчүн кызмат кылыш биз үчүн сыймык", - деди Камчыбек Ташиев.