12-июль күнү Борбордук Азиянын футбол ассоциациянын жаштар чемпионатынын финалы орун алып, анда Кыргызстандын жана Ирандын курамалары кез келди.

Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда орун алып, Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышуусунда өттү.

Финалдык беттеш 0-3 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктап, Кыргызстандын курамасы турнирдин күмүш медалына ээ болду.

Турнирдин жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

1-орун – Иран

2-орун – Кыргызстан

3-орун – Өзбекстан

4-орун – Тажикстан

5-орун – Афганистан

6-орун – Түркмөнстан

Финалдык беттештен масштабдуу жабылуу аземи орун алды. Кубок өз ээлерине Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиевдин колунан тапшырылды.