Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев кызматтан бошотулду.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен ал транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Президенттин басма сөз кызматы мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Жалал-Абад облусуна губернатор болуп дайындалганын кабарлады.
48 жаштагы Абсаттар Сыргабаев буга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Жалал-Абад облусунун жетекчиси кызматына 2020-жылы октябрда келген.