УКМК тарабынан 2024-жылдын 10-июлунда Чүй облусунун мамлекеттик бийлик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү жана 210-беренесинин 2-пунктунун 4-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактылары боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук (мурдагы Ленин) айыл өкмөтүнүн башчысы А.Э.Н. кармалды.
Тактап айтканда, 2017-жылдан 2022-жылга чейин А.Э.Н. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча а/а башчысы болуп туруп, айрым ишкердик субъекттерине (конкурстук тооруктардын милдеттүү жол-жоболорун сактабастан) ижарага жерлерди мыйзамсыз берүү жолу менен (ижара акысын жасалма төмөндөтүү жана жерлерди тиешелүү рыноктук баалоосуз) мамлекеттин бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2017-2022-жылдар аралыгында Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.Э.Н. тарабынан мамлекеттин кызыкчылыгына 76 млн 540 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
2024-жылдын 10-июлунда кылмыш ишинин алкагында А.Э.Н. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.