Бишкек шаардык соту мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевди күнөөлүү деп таап, мамлекетке 1,5 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Экс-министр "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыптуу деп табылган. Айып пулдан тышкары, мурунку министр мамлекеттик кызматта үч жылга чейин иштөө укугунан ажыратылган.

Бейшеналиев райондук соттун 22-апрелде чыккан чечими менен макул болбой кийинки инстанцияга кайрылган. Бишкек шаардык соту 1-июлда ишти карап, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган.

Эске салсак, Бейшеналиев жогорку окуу жайлардын бирине чет элдик студенттерди кабыл алуу үчүн 110 миң доллар пара алган деп 2022-жылдын сентябрында кармалган.