Акыркы убакта Бишкекте электр самокаттарын ижарага алып тепкендер көбөйдү. Дарыгерлер аны катуу айдагандар жөө адамдарды, айрыкча кичинекей балдар менен улгайгандарды коюп кетип, алар ооруканага оор жаракат менен түшүп жатканын айтышууда.

"Көчөдөн тынч баса албай калдык!" деп кайрылгандардын саны күн санап өскөндүктөн депутат Марлен Маматалиев мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ага ылайык, мыйзамга "жеке мобилдик кыймылдаткычтар" деген түшүнүк киргизилип, электр самокаттары кадимки транспорттун бир түрү катары катталган.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык ижарага берилген ар бир электр самокатына эл көп жайгашкан жерлерден ылдамдыкты саатына 10 чакырымдан ашырбай автоматтык түрдө чектеп турган GPS-трекерлер орнотулушу керек. Мыйзам долбоорунда самокаттын ылдамдыгын ашыра айдап же эрежеге баш ийбеген жаранга 1000 сом, ал эми ижарага берген компанияларга 7500 сом айып салынат. Ошондой эле кокус кырсык болуп кетсе кандай учур болбосун электр самокатын тепкен киши күнөөлүү болот жана чыгымдарды көтөрөт.

Учурда түнкүсүн самокат айдаган жаштар көбөйдү, андыктан самокаттардын атайын жарыктары болушу шарт. Мыйзамдагы эрежелер так аткарылбаса электр самокатын ижарага берген компаниянын лицензиясы алынат.

Депутаттын айтымында, самокат боюнча бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо таап, жактырылган. Жакынкы күндөрү президент Садыр Жапаров кол койсо күчүнө кирет. Айтмакчы, Бишкек шаарынын Кайгуул-күзөт кызматынын маалыматына караганда, Бишкекте эле жыл башынан бери мобилдик унаалардын айынан 179 кырсык катталган. Андан 192 адам жаракат алган.