Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында мечиттин куруу иштеринин ачылышына катышты.
Ал бул мечит бир гана Жалал-Абад өрөөнүндө эмес, жалпы Кыргызстандагы эң бир көрүнүктүү жана кооз мечиттердин бири болоорун белгилеп, аны көргөндөр мусулман болгонуна сыймыктанса деген изги тилегин жашырган жок.
"Ушул жерибиз бир нече жүздөгөн жылдар, бизден кийинки муундарга да кызмат кылса экен деген чоң ниеттебиз. Бул дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок. Бийлиги бары да, жогу да, байлыгы бары-жогу да өтөт. Байлыгын мыкчыгандар да, күнүмдүк тиричилиги үчүн иштегендер да өтөт. Бирок Алла Тааламдын бизге, колунда бар адамдарга берген ырыскысын эл-журт менен бөлүшүп жеп, жардам көрсөтүп, артыбызга жакшы нерсе калтырып кетели деген максаттарыбыз бардыгын жакшы билесиздер. Бүгүнкү ишке ашып жаткандар ошол максаттардын бири деп эсептейм. Мындан ары биз Кудай кааласа, Алла Таалам буйруп, насип эткен таза жол менен тапкан ар бир тыйыныбызды ушул жерге салып, мечитибизди курабыз деген ойдомун. Бул бир гана Жалал-Абад же түштүктөгү эмес, жалпы Кыргызстандагы эң сонун, кооз, мусулман экенибизге сыймыктандыра турган мечит болсо экен деп атабыз. Мечиттин ачылышында да чогуу болуп, жаркырап-жайнап турганга Алла Таалам насип этип, ошол күндөргө жеткирсин", - деди Камчыбек Ташиев.