Сел суулары каптаган Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесинен элдерди коопсуз жайга көчүрүү (эвакуация) иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Саат 23:20га карата элдерди коопсуз жайга көчүрүү иштерине ӨКМден жалпы 54 куткаруучу, мындан тышкары Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары - көчүрүү комиссиясынын башчысы - Ж.М.Исаков жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.

Учурда жалпы 108 жаран алардын ичинен 40 жаш бала коңшу айылга көчүрүлдү.

Кошумча маалымат берилет.