Юстиция министрлиги Кыргызстандын 2018-жылдагы Коммерциялык медиация боюнча Сингапур конвенциясына кошулуусу мүмкүндүгүн талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү (БУУнун медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык дүйнөлүк макулдашуулар жөнүндө Конвенциясы, Нью-Йорк, 2018), Ошондой эле 2024-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында улуттук медиацияны өнүктүрүү концепциясын презентациялады.

Юстиция министри Аяз Баетов Президенттин Администрациясынын, Юстиция министрлигинин, Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин, медиациялык борборлордун, бизнес-ассоциациялардын, ошондой эле ЮНСИТРАЛ, ЕРӨБ, IDLO, БУУӨП жана ЮСАИДдин эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү катышкан жолугушууну жетектеди.

Мындан тышкары, жолугушууда улуттук медиацияны реформалоо концепциясы сунушталды. Юстиция министри А.Баетов "Медиация жөнүндө" мыйзам Кыргызстанда 2017-жылы кабыл алынганын, бирок талаш-тартыштарды жөнгө салуу процедурасын натыйжалуу өнүктүрүү азырынча байкала электигин, бирок медиацияны кеңири колдонуу сот системасына оорчулукту азайтууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Юстиция министрлиги укуктук мамилелердин айрым категорияларындагы талаш-тартыштарды сотко чейин чечүүнүн милдеттүү чарасы катары медиацияны киргизүүнү караган мыйзамдык демилгелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасын түзүүнү сунуштады

Маалымдама:

·  Медиация - бейтарап медиатор чыр-чатактын тараптарына өз ара пайдалуу чечимди табууга жардам берген сүйлөшүүлөрдүн өзгөчө түрү.

·  2018-жылдын декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Медиация боюнча Сингапур Конвенциясы эл аралык коммерциялык ортомчулук маселелерин карайт.