Красноярск шаарында (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Александр Оверчуктун төрагалыгы астында, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык маселелер боюнча Кыргыз Республикасы менен Россия федерациясынын өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын тар курамдагы жолугушуусу башталды.

Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетинен билдиришти. 

Жолугушууда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү, илим, билим, маданият, туризм жана башка тармактарда кызматташуу маселелери каралат.