Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда өткөн “Кымыз Фест – 2024” этникалык фестивалына барды. 

МинКаб башчысы айыл чарба жетишкендиктери, кол өнөрчүлүк жана кымыздын түрлөрүнө арналган көргөзмө-жарманке менен таанышты. 

Акылбек Жапаров этнофестивалдын ачылыш аземинде сөз сүйлөп, мамлекет башчысынын “Улуттук каада-салт жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында улуттук тамак-ашты, улуттук тамак-аштын түрлөрүн, улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар, кыргыз элинин жана Кыргызстандын элинин улуттук оюндары  сактоо жана өнүктүрүү каралган атайын программа түзүлгөнүн белгиледи. 

«Кымыз – бул оригиналдуу улуттук даам.  Кыргыз элинин тарыхын кымыздын тарыхынан бөлүп кароого болбойт. Кымыз майрамы биримдикке, ынтымакка, улуттук каада-салтты сактоого чакырат.  Мындай фестивалдарды өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүү маанилүү”, - деди Акылбек Жапаров.

Андан ары театралдаштырылган оюн зоок тартууланды. Өткөн жылы этнофестивалга 5 миңден ашык коноктор келген.