УКМК массалык башаламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган шаардык кеңештин «Ата -Журт Кыргызстан» фракциясынын депутатын кармады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

"УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү («Массалык башаламандык») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Н.Ж.К. кармалып, ал  «Facebook» социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык башаламандыктарды уюштурууга жана андан соң бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган. 

Кармалган жаран КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.