Бишкекте ипотекалык кезектеги турак жайдын курулушу башталды. Ал борбор калаанын Волкова жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Көп кабаттуу ипотекалык үйлөр курула турган жердин жалпы аянты 12,80 гектарды түзөт.
Көп функционалдуу турак жай комлексинде 9 кабаттан турган 51 блок үйдө 2990 батир болот.
Ошондой эле комлексте мектеп, бала бакча, спорт жана балдар аянтчалары, соода дүкөндөрү, унаа токтоочу жана коомдук тамактануучу жайлар каралган. Үйлөр курулуп бүткөндө “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын шарттарына ылайык ипотекага 15, 25 жылдык мөөнөткө берилет.