Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиевдин демилгеси менен Жети-Өгүз районунда шахмат боюнча айымдар жана мырзалар арасында кубоктук турнир өттү.
Жалпысынан Арсланбек Малиевдин кубогуна арналган мелдешке Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң, Ак-Суу райондорунун жана Каракол шаарынын шахмат сүйүүчүлөрү катышты. Иш-чаранын максаты сергек жашоо образын жайылтуу, позитивдүү турмуштук көз караштарды калыптандыруу жана дене тарбия менен машыгууга массалык түрдө тартуу болуп саналат.
Эл өкүлү Арсланбек Малиев өз сөзүндө: «Шахмат стратегиялык жана системалык ой жүгүртүүнү калыптандырууга жардам берет, тартипке, логикага, математикага, так илимдерге болгон кызыгууга тарбиялайт», - деп белгиледи.
Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Анын катышуучулары иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн депутатка ыраазычылыктарын билдиришти.