“Өлкөбүздүн орто мектептеринин бардык мугалимдери ноутбук менен камсыздалышы кажет”, - деп президент Садыр Жапаров билим берүүнү санариптештирүү маселеси талкууланган кеңешмеде тапшырма берди.

Мамлекет башчысы билим берүү тармагында үстүбүздөгү жылдын март айында башталган реформаларды, анын алкагында министрлер кабинетине билим берүү системасын санариптештирүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасын бергенин эске салды.

Садыр Жапаров белгилегендей, 21-кылымда, бардык нерсе тез өнүгүп жаткан учурда, артта калбоо маанилүү.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева акыркы 3 айдын ичинде мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо боюнча жасалган иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Ал быйыл Кыргызстандын билим берүү тармагына 100 жыл толуп, биринчи жолу технологияга инвестиция тартууга чоң көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Догдуркүл Кендирбаева ноутбуктар мугалимдерди алдыңкы санариптик технологиялар менен камсыздоо, алардын квалификациясын жогорулатуу жана баарына бирдей шарт түзүү үчүн берилип жатканын кошумчалады. Ноутбуктардын жардамы менен окутуучулар ар кандай санариптик билим берүү ресурстарын (электрондук китептер, 3D-схемалар, слайддар, лекциялар, видеосабактар, лабораториялык тренажерлор ж.б.) кызыктуу жана актуалдуу сабактарды даярдоо үчүн колдонушат. Мугалимдер кесиптик өнүгүүсү үчүн онлайн курстарга жана вебинарларга катыша алышат.

Министр президент Садыр Жапаровго билим берүү тармагына көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип өттү. Алсак, биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбуктар менен камсыздалат. Бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%ы, 2025-окуу жылында 100%ы ноутбук менен камсыздалат.

Булак: "Майдан.kg" гезити