Оштон Ысык-Көлгө дагы бир каттам ачылганын "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Жаңы ачылган каттамды Sky FRU авиакомпаниясы жумасына төрт жолу - дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү аткарат.

Бир күн мурда бул авиакомпаниянын 153 жүргүнчү менен "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна конду. Ушул каттам менен 153 жүргүнчү кайрадан "Ош" эл аралык аэропортуна учуп кеткен.