2-июль күнү Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов, Көк-Жар жана Исанов айыл аймактарында селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМден 5 экскаватор, 6 самосвал, 1 бульдозер жана жарандык коргонуу кызматтарынан 13 техника тартылып, сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда.
Ошондой эле, Кулатов айыл аймагынан 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам, ӨКМден 68 куткаруучу тартылып, сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.