Жаштыкты узартып, карылыктын келчү маалын узарта турууну кааласаңыз төмөнкү кеңештерге кулак төшөңүз:

1. Велосипед сатып алыңыз.

2. Сүйүңүз. Денени бирөөгө жагынууга аракеттенүү каалоосунан башка эч нерсе жакшырта албайт.

3. Арыктаңыз. Жаш улгайган сайын адамдын алдына качып кутула алгыс тандоо келет – бетпи же денеби? Денени формасында кармоо мүмкүн, а бетти жок. Албетте, эгерде эле пластикалык хирургиянын же костемологиянын жардамына кайрылбаса.

4. Кечки саат жетиден кийин тамактанбаңыз.

5. Ичи күйдүлүк кылбаңыз.

6. Сегиз сааттан кем эмес убакыт уктаңыз (13-пунктагы кырдаалдан башка учурда).

7. Акчаны жеңил жана көңүлдүү коротуңуз. Акча топтоп, үнөмдөп баштоо – чачтын агаруусу сыяктуу эле карылыктын белгиси...

8. Эс алыңыз. Жок дегенде бир жылда эки жолу.

9. Көп нерсени билүүгө, үйрөнүүгө умтулуңуз. Бир гана өзүн тааныган адам көп убакыт өтпөй бир гана оорулары тууралуу айтып калат.

10. Жөнөкөй нерселерге деле кубанганды үйрөнүңүз. Мисалы, жакшы аба ырайына, гүл ачкан сиренге же түндө сайраган күкүккө.

11. Комфорт менен роскошту бакыт деп алмаштырып албаңыз.

12. “Мен корком” деп эч убакта айтпаңыз.

13. Эгерде түндө жакшы жакка чакыруу келип калса, дароо жолго чыгыңыз. Жумушка уктап кеч барып калсаңыз барыңыз, бирок жашоону уктап өткөрбөңүз.

14. Берешен болуңуз.

15. Өйдөгө чыгып баратканда жеңил болуңуз. Таразалап, жети ойлонуп, бир чече берүү да кээде туура эмес болуп калат. Аракет кылыңыз. “Башкысы согушка катышуу керек, андан аркысын көрө жатаарбыз”, - деген Наполеон. Ооба, анын соңу жаман болуп калды, ал талашсыз... Бирок каалоосун аткарып жашады.

16. Чымчыктай болуңуз, кечээги же эртеңки эмес, бүгүнкү күн менен жашаңыз.

17. Бүкүрөйбөңүз.

18. Жаш көрүнүүгө аракеттенбеңиз, бул күлкүлүү көрүнөт. Андан көрө өз курагыңызда, бирок мыкты көрүнүүгө аракеттениңиз.

19. Жашоого наалыбаңыз. Деги эле наалыбаңыз... Анан башкысы: дайыма юмор менен достошуңуз.